Коронавируска каршы күрөшүүдөгү эмгеги үчүн тогуз киши «Даңк» медалы менен сыйланды

Коронавируска каршы күрөшүүдөгү эмгеги үчүн тогуз киши «Даңк» медалы менен сыйланды

Коронавируска каршы күрөшүүдөгү эмгеги үчүн тогуз киши «Даңк» медалы менен сыйланды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Президент Сооронбай Жээнбеков 27-августта «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» жарлыкка кол койду.

 «Даңк» медалы менен төмөнкү адамдар сыйланды:

Мамлекеттик чек ара кызматынын бейтапканасынын башчысы, медицина кызматынын капитаны Султан Жаманов;

Ысык-Көл облусунун Түп районунун үй-бүлөлүк медицина борборунун «Арал» үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун клиникалык жетекчиси Сапарбек Исаев;

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын № 13 атайын өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн улук өрт өчүрүүчү-куткаруучусу Замирбек Мазаитов;

Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын башчысы Суюнбек Ниязбеков;

Ош облусунун Кара-Суу районунун Октябрь айылынын айыл башчысы Баатыр Полотов;

Ички иштер министрлигинин медициналык башкармалыгынын терапевт-дарыгери Ольга Сиротина;

Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин аскердик-медициналык башкармалыгынын башчысы Жоомарт Токторалиев;

Ош шаарынын медициналык тез жардам станциясынын дарыгери Жылдызкан Торогелдиева;

Бишкек шаарынын Биринчи май районунун бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунун № 7 үй-бүлөлүк медицина борборунун башкы дарыгери Дамира Чарабаева.

Мындан сырткары 20дай медицина кызматкерине «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери» деген наам ыйгарылды. 

Ошондой эле 40тай кишиге илдетке каршы күрөшүүдөгү эмгеги үчүн ардак грамота тапшырылган.

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>