Коронавируска каршы күрөштүн эсебине 125 млн сом түштү

Коронавируска каршы күрөштүн эсебине 125 млн сом түштү

Коронавирус илдетине каршы күрөшүү боюнча ачылган эсепке 125 млн 24 миң сом келип түштү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин расмий сайтында айтылат.

19-мартта Каржы министрлиги тарабынан өлкө аймагында коронавирустун жайылышын алдын алуу боюнча иш-чаралар үчүн атайын эсеп ачылган. Ага колунда бар адамдар жана бир катар мамлекеттик жана  жеке менчик компаниялардын кызматкерлери айлык маянасынын эсебинен акча которуп жатышат.

Эсепке келип түшкөн акчаларды бөлүштүрүү боюнча комиссия түзүлүп, анын курамына 12 адам кирип, бирөө курмдан чыгып кеткен.

Атайын эсепке түшкөн акчалардын 38 млн сомдон ашыгы инфекция катталган аймакта иштеп жаткан медицина кызматкерине жумшалары белгилүү болгон.

1) Финансы министрлиги тарабынан ачылген эсеп:
№ 4402011000101373

2) «РСК Банк» тарабынан аылган эсеп:
№ 1299004130020044

3) «Айыл Банк» тарабынан ачылган эсеп:
№ 1352119927702865

Кыргызстанда 16-апрель саат 10:00гө карата дагы 17 адамдан коронавирус аныкталып, ооруну жуктуруп алгандардын  жалпы саны 466 адамга жетти. Алардын бешөө каза болуп, 91 адам айыгып чыкты. Илдетти жугузуп алгандардын арасында 104 медицина кызматкери бар

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>