Коронавируска каршы күрөштүн эсебине 80,5 млн сом түштү

Коронавируска каршы күрөштүн эсебине  80,5 млн сом түштү

Коронавирус илдетине каршы күрөшүү боюнча ачылган эсепке 1-апрелге карата 80 миллион 552 миң сом түштү. Бул тууралуу Каржы министрлигинен кабарлашты.

19-мартта Каржы министрлиги тарабынан өлкө аймагында коронавирустун жайылышын алдын алуу боюнча иш-чаралар үчүн атайын эсеп ачылган. Ага колунда бар адамдар жана бир катар мамлекеттик жана  жеке менчик компаниялардын кызматкерлери айлык маянасынын эсебинен акча которуп жатышат.

Жакында эле акчаларды бөлүштүрүү боюнча комиссия түзүлүп, анын курамына 12 адам кирип, бирөө кайра курмадан чыгып кеткен.

Атайын эсепке түшкөн акчалардын 38 млн сомдон ашыгы инфекция катталган аймакта иштеп жаткан  медицина кызматкерлерге жумшалары белгилүү болгон.

1) Финансы министрлиги тарабынан ачылген эсеп:
№ 4402011000101373

2) «РСК Банк» тарабынан аылган эсеп:
№ 1299004130020044

3) «Айыл Банк» тарабынан ачылган эсеп:
№ 1352119927702865

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>