Коронавирустан 2 бейтап көз жумуп, илдет 96 кишиден аныкталды

Коронавирустан 2 бейтап көз жумуп, илдет 96 кишиден аныкталды

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын жаңы 96 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди.

Маалыматка ылайык, соңку суткада 3689 пчр изилдөөлөр жүргүзүлүп, Бишкек менен Чүйдө оору көп аныкталса, Талас жана Баткен облустарында катталган эмес. Ошондой эле инфекция 2 медицина кызматкеринен табылган.

Алар:

Бишкек шаарында – 43;
Ош шаарында – 2;
Чүй облусунда – 35;
Ош облусунда – 3;
Нарын облусунда – 3;
Ысык-Көл облусунда – 8;
Жалал-Абад облусунда – 2.

Ал эми COVID-19 жана пневмониядан бир суткада 53 бейтап сакайды. Илдеттен Бишкек шаарында 2 адам каза болгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>