Соңку суткада коронавирустан 4 адам көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
Илдеттен каза болгондордун үчөө Бишкек шаарынын, бирөө Баткен облусунун тургуну болгон.
Ошондой эле 191 адамдан илдет аныкталган.
Алар төмөнкү аймактарда:
Бишкек — 48
Ош — 5
Чүй облусу – 78
Ош облусу — 9
Талас облусу — 4
Нарын облусу — 4
Ысык-Көл облусу – 20
Жалал-Абад облусу – 14
Баткен облусу — 9
Муну менен катар 343 адам илдеттен сакайган.
Пандемия башталгандан бери жалпы 80373 адам илдетке кабылган, анын ичинен 74 820 адам сакайган.
Ал эми илдеттен көз жумгандардын саны 1348ге жетти.