Site icon Reporter.kg

Коронавирустан дагы эки киши каза болду

Өткөн сутканын ичинде эки адам COVID-19 оорусунан каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

Маалыматка ылайык, 55 жаштагы эркек киши Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасында жана 84 жаштагы аял киши Нарын облусунда көз жумду.

Кыргызстанда жалпысынан коронавирустан 14 адам каза болду.

Exit mobile version