Коронавирустан каза болгон дарыгердин үй-бүлөсүнө 1 миллион сом төлөнөт

Коронавирустан каза болгон дарыгердин үй-бүлөсүнө 1 миллион сом төлөнөт

Коронавирустан каза болгон дарыгер Жүзүмкан Асанованын үй бүлөсүнө 1 миллион сом компенсация төлөөгө өкмөттүн буйругу даярдалып жатат. Бул тууралуу 3-майда коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Жүзүмкан Асанова Бишкектеги №3 үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси болчу. Ал саламаттыкты сактоо мекемелеринде 30 жылдан ашык иштеген жогорку категориядагы дарыгер эле.

Маркум 2-май күнү Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында коронавирустан каза болгон.

Ушул эле күнү атлаган ооруканадан Жалал-Абад облусунун 1951-жылы туулган тургуну дагы каза болгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>