Site icon Reporter.kg

Коронавирустан каза болгондор катталган жок

Кыргызстанда 1-октябрга карата коронавирус дагы 76 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 42, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 20, Талас облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 8, Жалал-Абад облусунда – 3 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 99 адам илдеттен сакайып чыккан. Каза болгондор катталган жок.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 178 миң 608 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 173 миң 305 киши айыгып чыкса, 2 миң 607 адам каза болду.

Exit mobile version