Коронавирустан каза болгондордун саны 500гө жетти

Коронавирустан каза болгондордун саны 500гө жетти

Кытайдын Улуттук саламаттык сактоо комиссиясы коронавирустан 490 киши каза болуп, илдетти жуктуруп алгандардын саны 24 миңден ашканын билдирди.

Маалыматка караганда, акыркы бир күндүн ичинде жаңы вирус пайда болгон Хубэй провинциясында 65 киши өлдү. Бул декабрдан бери бир күндүн ичинде эң көп адам каза болгон учур.

50 миллион адам жашаган Хубэй провинциясынын бир бөлүгү карантинге жабылган.

30-январда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирустун башка өлкөлөрдө жайылып жатканына байланыштуу эл аралык масштабдагы өзгөчө абал жарыялаган. Учурда башка мамлекеттерде вирусту 175 адам жуктуруп алганы кабарланууда.

Коронавирус өткөн жылы декабрда Хубэй провинциясынын борбору эсептелген Ухань шаарындагы жапайы жаныбарлар сатылган базарда пайда болгон деп болжолдонууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>