Коронавирустан соңку суткада 1 адам каза болуп, 97 адамдан илдет табылды

Коронавирустан соңку суткада 1 адам каза болуп, 97 адамдан илдет табылды

Соңку суткада коронавирустан 1 адам каза болуп, 97 адам илдет жуктурду.  Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан кабарлашты.

Маалыматка караганда, илдеттен көз жумган адам Бишкек шаарынын тургуну.

Илдет катталган аймактардын ичинен да Бишкек шаары баарынан алдыда. 

“Соңку суткада жалпы 97 адамдан илдет табылды. Анын 42си Бишкек шаарында, Ош шаарында 2, Чүй облусунда 40, Талас облусунда 2, Нарын облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 6, Жалал-Абад облусунда 2, Баткен облусунда 1 адамдан коронавирус аныкталды”, — деп билдиришти штабдан. 

Ошондой эле бир күндө 157 адам илдеттен сакайган.

Муну менен Кыргызстанда коронавирустан каза болгондордун жалпы саны 4 068ге жетти. Анын ичинен 80 182 адам сакайган.

Ал эми пандемия башталгандан бери илдет 1402 кыргызстандыктын өмүрүн алды.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>