Коронавирустан улам өлкөдөгү бала бакчалардын иши токтотулду

Коронавирустан улам өлкөдөгү бала бакчалардын иши токтотулду

Коронавирустан улам өлкөдөгү бала бакчалардын иши токтотулду. Бул тууралуу коронавирусту алдын алуу боюнча ыкчам штабдан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, республикалык штабдын сунушу менен Билим берүү министрлиги өлкөдөгү эпидемиологиялык абал жакшырганга чейин мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин ишин (балдар бакчалары) токтото туруу жөнүндө чечим кабыл алган.

Кыргызстанда коронавирустун алгачкы учуру 18-мартта катталды. Ооруну жугузуп алганы аныкталган 3 адам Сузак районунун тургундары болгон. Алар 12-мартта Сауд Арабиясынан умрадан кайтып келген. Буга байланыштуу Сузак районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>