Коронавирустун үчүнчү толкуну болобу? Садыр Жапаров ооруканалардын даярдыгын текшерди

Коронавирустун үчүнчү толкуну болобу? Садыр Жапаров ооруканалардын даярдыгын текшерди

Садыр Жапаров бүгүн, 15-апрелде Бишкек жана Чүй облусундагы медициналык мекемелердин коронавирус инфекциясынын үчүнчү толкунуна даярдыгын текшерди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысы Бишкектеги Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Улуттук госпиталда жана Токмок аймактык ооруканасынын филиалында коронавирус менен ооруган бейтаптарга карата даярдалган орундуктарды көрүп чыккан.

Президент медициналык персоналдын иштөө шарттары, алардын дары-дармек жана жабдыктар менен камсыз болушу менен таанышып, ооруканалардын «кызыл зоналарына» кирип чыккан.

Улуттук госпиталда бүгүнкү күндө коронавирус инфекциясы менен ооруган 84 бейтап дарыланып жатканы, дары-дармектер жана жабдыктар боюнча мекемеде көйгөйлөр болбогону тууралуу маалымат берилди. Садыр Жапаров «кызыл зонанын» жандандыруу бөлүмүн көрүп чыкты. Анда учурда 5 адам дарыланып жатат. Мамлекет башчысы алардын ар бири менен баарлашып, дарылануунун жүрүшү жөнүндө сураган.

Президент ошондой эле учурда 147 бейтап дарыланып жаткан Токмок аймактык ооруканасынын филиалындагы «кызыл зонадан» кабар алып, бейтаптар менен баарлашып, аларды кызыктырган суроолорго жооп берген.

Мамлекет башчысы ошондой эле эки медициналык мекеменин тең кызматкерлери менен сүйлөшүп жатып өз күчүн жана ден-соолугун аябай пандемия менен күрөшүп жаткан өлкөдөгү бардык дарыгерлерге ыраазычылыгын билдирген.

Садыр Жапаров дарыгерлердин негизги проблемалары, алардын ичинде эмгек акыларын жогорулатуу жана иштөө шарттарын жакшыртуу мамлекеттин көңүл чордонунда турганын, алар артыкчылыктуу тартипте караларын баса белгилеген.

Мамлекет башчысы белгилегендей, мамлекеттик ипотекалык насыя берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жөнөкөйлөтүү боюнча план иштелип жатат. Анын алкагында өлкөнүн дарыгерлери жана мугалимдери үй сатып алуу үчүн төмөнкү пайыздык насыяларды алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Токмок аймактык ооруканасынын филиалынан чыгып жатып Президент Садыр Жапаров анда чогулган жергиликтүү тургундар менен да баарлашкан.  Жашоочулардын көйгөйлүү, көбүнесе жеке мүнөздөгү маселелерин уккан. Мамлекет башчысы көтөрүлгөн бардык маселелер тийиштүү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик тарабынан каралып чыгарын билдирген.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>