Коронавирустун «британиялык» түрү 41 мамлекетте аныкталды

Коронавирустун «британиялык» түрү 41 мамлекетте аныкталды

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирустун «британиялык» түрү буга чейин 41 мамлекетте аныкталганын билдиргенин РИА жазды.

Уюм бул абал 5-январга карата түзүлгөндүгүн белгиледи. Бул «бир нече учурлар». Мындан тышкары, алгач Түштүк Африкада табылган мутация алты мамлекетте аныкталган.

Декабрдын ортосунда Улуу Британияда SARS-CoV-2 коронавирусунун жаңы мутациясы табылганы белгилүү болду. Түштүк Африка Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги буга чейин генетиктер 501.V2 деп аталган өлкө үчүн жаңы коронавирустук мутацияны аныкташкандыгын билдирген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>