Коронавирустун оор түрүнө чалдыккан. Өзбекстандын эмгек сиңирген артисти Фатхулла Масудов каза болду

Коронавирустун оор түрүнө чалдыккан. Өзбекстандын эмгек сиңирген артисти Фатхулла Масудов каза болду

Өзбекстандын эмгек сиңирген артисти Фатхулла Масудов коронавирустан улам көз жумду. Бул тууралуу Kun.uz басылмасы жазды.

Өзбек Улуттук академиялык драма театрынын директору Фатхулла Масудов 57 жаш курагында каза болду. Актёр коронавирустук инфекциянын оор түрүнө чалдыккан.

Фатхулла Масудов 1963-жылы Ташкент шаарында төрөлгөн. 2015-жылдан тарта Өзбек улуттук академиялык драма театрынын директору болуп иштеген.

1999-жылы «Шухрат» медалы, 2003-жылы «Өзбекстан Республикасынын Эмгек сиңирген артисти» наамы, 2014-жылы «Мехнат Шухрати» ордени менен сыйланган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>