Коронавирустун вакцинасы качан чыгары белгилүү болду

Коронавирустун вакцинасы качан чыгары белгилүү болду

Коронавирус инфекциясынын вакцинасын өндүрүү иштери жайдын аягында башталышы мүмкүн. Бул мөөнөттү Н.Ф. Гамалеи атындагы Улуттук эпидемиология жана микробилогия изилдөө борборунун жетекчиси Александр Гинцбург айткандыгы тууралуу РИА новости жарыялады.

Ал вакцинаны тез арада көп кишиге сайыла тургандыгын күтүүнү кажети жок деп белгиледи.

Анын айтымында, өндүрүштү эртелетүү боюнча бардык күчтөр жумшалып жатат.
Гинцбург, вакцина колдоонуга киришүүгө чейинки изилдөөлөрдө оң көрсөткүч көргөзгөндүгүн дагы айтып өттү.

Гинцбург 15-июндан тарта, вакцинанын адамдарда сыноо үчүн Саламаттык сактоо министрлигинен уркусат күтүлүп жатат деди.

Орусияда акыркы суткада жаңы 9434 адам коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталган.

Оперативдүү штабдын көрсөткүчтөрүнө караганда, жаңы жугузуп алгандар өлкөнүн 84 регионунда катталган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>