Коронавирустун жаңы 71 учуру катталып, 2 бейтап каза болду

Коронавирустун жаңы 71 учуру катталып, 2 бейтап каза болду

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын жаңы 71 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди.

Маалыматка ылайык, соңку суткада 1497 ПЧР изилдөөлөр жүргүзүлүп, Бишкек шаарында оору көп аныкталса, Баткен, Ош, Талас, жана Нарын облустарында катталган эмес. Ошондой эле инфекция 4 медицина кызматкеринен табылган.

Алар:

Бишкек шаарында – 53;
Ош шаарында – 1;
Чүй облусунда – 11;
Ысык-Көл облусунда – 5;
Жалал-Абад облусунда – 1.

Ал эми COVID-19 жана пневмониядан бир суткада 53 бейтап сакайды. Илдеттен Бишкекте 2 киши каза болду.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>