Коронавирустун жаңы түрү Өзбекстанга жетти

Коронавирустун жаңы түрү Өзбекстанга жетти

Өзбекстанда коронавирус инфекциясынын «британ штаммын» жуктурган биринчи учур аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана саламаттыкты сактоо кызматынын башчысы Баходир Юсупалиев билдиргенин «Марал» жазды.

Вирус 23-январда Дубайдан үй-бүлө мүчөлөрү менен кайтып келген Ташкент шаарынын тургунунан табылган.

Инфекция жаранды эл аралык аэропортто жаранды экспресс ыкмасы менен тестирлөөдө аныкталган. Андан кийин бейтап тез жардам кызматы аркылуу жугуштуу оорулар ооруканасына жеткирилген. Ошол эле күнү бейтап ооруканада текшерүүдөн өтүп, ага симптомсуз COVID-19 диагнозу коюлган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>