Коронавирустун жаңы учурлары Бишкек менен Чүйдө көп катталды

Коронавирустун жаңы учурлары Бишкек менен Чүйдө көп катталды

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын жаңы 115 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди.

Маалыматка ылайык, соңку суткада 5325 пчр изилдөөлөр жүргүзүлүп, Бишкек менен Чүйдө оору көп аныкталса, Жалал-Абад, Ош, Баткен жана Талас облустарында катталган эмес. Ошондой эле инфекция 1 медицина кызматкеринен табылган.

Алар:

Бишкек шаарында – 66;
Ош шаарында – 2;
Чүй облусунда – 42;
Нарын облусунда – 2;
Ысык-Көл облусунда – 3.

Ал эми COVID-19 жана пневмониядан бир суткада 65 бейтап сакайды. Илдеттен Бишкек шаарында 2 адам каза болгон.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>