Site icon Reporter.kg

Короодогу ээр токумчан атты мине качкан киши кармалды

Чүй облусунун Кемин районунда уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул туурасында Чүй обустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда,  7-май күнү  Кемин райондук милицияга  33 жаштагы К.С. арыз менен кайрылган. Өз арызында, 2022-жылдын 7-майында короодогу атын ээр токуму менен жашыруун уурдап кеткен белгисиз адамга чара көрүү өтүнүчүн айткан.

Бул факт Кемин райондук милициянын маалыматтардын электрондук журналына катталган.

Милиция  тарабынан көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, бул кылмышка шектүү делип  20 жаштагы А.Ы. кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилген.

Учурда уурдалган ат ээсине кайтарылды. Сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Exit mobile version