Коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн каражаттан Ошто мектеп курулду — сүрөт

Коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн каражаттан Ошто мектеп курулду — сүрөт

Ош шаарында коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн каражаттан мектеп курулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Анын ачылышына бүгүн, 22-декабрда президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов катышты.

Нариман атындагы орто мектеби1200 адамга ылайыкташкан, бирок буга чейин орун жетишсиз болуп, 4 миңге жакын бала окутулуп келген. Буга байланыштуу 2019-жылы кошумча окуу имаратын куруу башталган. 

Үч кабаттуу окуу имараты 24 окуу кабинетинен, ошондой эле ашкана, медициналык кабинет, окуучулардын кабинети, китепкана жана окуу залынан турат.

[su_image_carousel source=»media: 52429,52430,52431,52433,52434,52435″ crop=»none» autoplay=»4″]

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>