Site icon Reporter.kg

Коррупция тууралуу билдирген адамдын укуктары боюнча мыйзам долбоор сунушталды

Кыргызстанда “Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдар жөнүндө” мыйзам долбоору сунушталды. Ал коомдук талкууга коюлду.

Мыйзам долбоорун Ички иштер министрлиги иштеп чыккан.

Мыйзам долбоордун максаты — коррупция жөнүндө билдирген адамдардын укуктарын коргоо, аны куугунтуктан сактоо жана коррупцияга каршы аракеттенүүнү мыйзамдык жактан бекемдөө болуп саналат.

Мыйзам долбоордо жазылгандай, жаран коррупция тууралуу интернет аркылуу электрондук түрдө же ыйгарым укуктуу органга кайрылып билдирсе болот.

Ыйгарым укуктуу орган коррупция тууралуу билдирүүнү бир жуманын ичинде кароого милдеттүү.

Мыйзам долбоордо коррупция тууралуу билдирген адамдын билдирүүсүн жана анын жеке маалыматтарын анын макулдугусуз ачыкка чыгарууга тыюу салынган. Ошондой эле мыйзам долбоордо жарандын өзүн жана туугандарын куугунтуктан сактоо жана керек учурда акысыз юридикалык жардам берүү кепилденет деп жазылган.

Мыйзам долбоорго ылайык, төмөнкү учурларда коррупция тууралуу билдирген адамды бул мыйзам коргой албайт:

1) атайлап жалган маалымат берсе;

2) мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды ачыкка чыгарса;

3) жеке кызыкчылыктын гана бузулушу жөнүндө гана билдирүү жасаса;

4) жактоочунун ишеним артуучу, дарыгер жана бейтап менен байланышынын сырын бузса;

5) соттордун жашыруун кеңешмелерин жана жабык сот жыйналыштарынын жүрүшүндө алынган маалыматтарды ачыкка чыгарса;

6) ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүү жөнүндө маалыматтарды ачыкка чыгарса, ошондой эле аны жүргүзүүнүн натыйжасында алынган маалыматтарды жарыяласа.

 

 

Exit mobile version