Коррупцияга каршы күрөшүү фонду Навальный ууланардан мурун тарткан фильмди жарыялады

Коррупцияга каршы күрөшүү фонду Навальный ууланардан мурун тарткан фильмди жарыялады

Коррупцияга каршы күрөшүү фонду Алексей Навальный ууланардан мурун тарткан «Томск депутаттык мафиянын туткунунда» деген фильмди жарыялады.

Иликтөө «Бирдиктүү Орусиядан» шайланган Томскидеги депутаттарын коррупциялык иштерине арналган. Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун башчысынын планына караганда, фильм жергиликтүү жашоочулардын 13-сентярда белгиленген шайлоодо башкаруучу партия мүчөлөрүнө каршы добуш берүүсүнө жардам бермек.

Иликтөөдө аймактык коммуналдык ишканаларынын жетекчилерине таандык элиталык кыймылсыз мүлктөр да көрсөтүлгөн.

44 жаштагы Навальный 20-августта Томск шаарынан Москвага баратып, учактан эсин жоготкон. Учак Омск шаарына чукул конуп, активист ооруканага жеткирилген. Эки күндөн кийин аны Германияга алып кетишкен. Учурда Навальный Берлиндеги Шарите ооруканасында комада жатат. Мекеме 2-сентябрда тараткан билдирүүгө ылайык, дарылоо көпкө созулушу мүмкүн. Ошондой эле ууландыруунун кесепеттерин да эске алыш керек экени белгиленген.

Германиянын өкмөтү билдиргендей, орус оппозициясынын лидери Алексей Навальныйдын канынан нервди шал кыла турган «Новичок» тобуна кирген химиялык зат табылган.

Эки жыл мурда Британиянны Сослсбери шаарында орусиялык атайын кызматтын агенттери мурдагы тыңчы Сергей Скрипал менен кызын да ушул зат менен ууландырууга аракеттенишкен. Экөө тең ооруканада дарыланып чыгышкан. Андан тышкары дагы үч британ жараны ууланып, бирөө каза болгон.

Германия Алексей Навальныйдын нервди шал кылчу зат менен ууландырылганын билдиргенден кийин Батыш өкмөттөрү Орусияга каршы биргелешип чара көрүүнү караштырып жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>