Кош бойлуу айым COVIDден өзүн жана баласын кантип коргоо керек? Акушердин кеңеши

Кош бойлуу айым COVIDден өзүн жана баласын кантип коргоо керек? Акушердин кеңеши

Кош бойлуулук — бул толкундануу жана күтүүлөргө толгон өзгөчө мезгил. Ал эми коронавирустук инфекция келечектеги энелер үчүн коркуу, тынчсыздануу бактылуу учурду караңгылатат. Аялдар өзүн жана наристесин кантип коргой алары жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн Акушерлердин Эл аралык Конфедерациясынын Президенти Франка Каденин кеңештерин сунуштайбыз.

Франка Каде COVID-19 бул жаңы оору жана анын айланасында изилдөө уланууда экенин белгиледи.

 Төрөттөн мурунку текшерүү кооптуубу?

Көпчүлүк болочок энелер дарыгерге кайрылгандан коркушат, анткени үйдө отуруу жана сыртта физикалык жактан алыстоо сыяктуу чараларды көрүшөт.

«Бүгүнкү күндө дүйнөдөгү адистер пандемия шарттарга кандайча ыңгайлашып жаткандыгын байкоого болот. Мисалы, акушерлер телефон аркылуу консультация беришет, ошондуктан баланы жана анын өсүшүн көзөмөлдөө үчүн физикалык жолугушуу аз убакытты талап кылат. Мен кош бойлуу аялдарга өзүлөрүн да, аны да инфекциядан сактоо үчүн медициналык кызматкерге азыраак барып, клиникага зарыл болгон учурда гана барууга кеңеш берем», — дейт Кэйд.

Кэйд болочок энелерге саламаттыкты сактоо адисинен жана алардын жамааттарынан аларга кандай мүмкүнчүлүктөр бар экендигин суроону сунуштайт.

Ымыркай төрөлгөндөн кийин, профессионалдык колдоону жана жетекчиликти алуу, анын ичинде күндөлүк эмдөөлөрдү алуу дагы маанилүү. Сиз жана балаңыз үчүн ушул кызматтарды алуунун эң коопсуз жолдору жөнүндө дарыгериңиз менен сүйлөшүңүз.

Эгерде энесинде коронавирустук инфекция (COVID-19) болсо, баласына жугушу мүмкүнбү?

Кош бойлуу кезинде вирус энеден балага жугушу мүмкүнбү же жокпу, азырынча билбейбиз. «COVID-19 вирусу кындын суюктугунда, кан тамырында же эне сүтүндө байкалган жок» дейт Кэйд. Бирок бул так маалымат эмес, анткени бул илдет боюнча толук изилденип бүтө элек.

Сиз жасай турган эң жакшы нерсе — COVID-19 оорусун жуктурбоо үчүн бардык чараларды көрүү. Бирок, сиз кош бойлуу болсоңуз же жаңы эле төрөп, өзүңүздү жаман сезип жатсаңыз, тезинен медициналык жардамга кайрылып, дарыгердин көрсөтмөлөрүн аткарыңыз.

Төрөт бөлмөсүнө жолдошу же үй-бүлө мүчөсү коштоп кирсе болобу?

Каде төрөт бөлмөсүнө маска кийип, колун таза жууп, тийиштүү чаралар көрүлсө, кош бойлуу аялды төрөт бөлмөсүнө коштоп киргенге жакын адамы болушу керек деп эсептейт.

«Биз айрым өлкөлөрдө аялдарды коштоп жүрүүгө тыюу салынгандыгын билип жатабыз, бул мени тынчсыздандырат. Ал эми ымыркай төрөлгөндөн кийин энеси менен бир бөлмөдө болушу керек.

Төрөт боюнча тынчсыздангандарга кандай кеңеш берилет?

Төрөө планын түзсөңүз, тынчсыздануу сезимин жеңип, көзөмөлдү жакшыраак жүргүзсөңүз болот, бирок жашаган жериңизге жараша учурдагы абалыңыз болжолдуу болбой калышы мүмкүн экендигин билип алыңыз. «Толгоо учурунда кимди чакырып, ким колдоо көрсөтүп, кайда жардам берээрин чечишиңиз керек. Кызматкерлерди колдоо жана үй-бүлөнүн катышуусу боюнча ооруканада төрөөгө кандай чектөөлөр болушу мүмкүн экендигин билип алыңыз», — деп кеңеш берет Кэйд.

Ошондой эле, ал үйдө жөнөкөй эс алдыруу көнүгүүлөрүн жасоону сунуш кылат, мисалы, дем алуу көнүгүүлөрүн жасап, керек болгон учурда акушер менен сүйлөшүү. Мүмкүн болушунча өзүңүзгө кам көрүңүз. Жакшы тамактаныңыз, суюктукту көп ичип, курсакты сылап кыймылга келтирип туруу зарыл.

Дарыгерге кандай суроолорду берүү керек?

Каде дарыгер менен ишеним мамилесин орнотуунун маанилүүлүгүн баса белгилейт.

«Сизге жана ден-соолугуңузга байланыштуу суроолорду эркин берсеңиз деп кеңеш берем. Эгерде сизде акушер же гинеколог менен ишенимдүү мамиле болсо, алар сиз менен ачык баардык нерсени талкуулап, суроолорго жооп беришет. Бардыгы жөнүндө билүүгө толук укугуңуз бар, анткени бул сиздин жана балаңыздын ден-соолугу үчүн абдан зарыл. Төрөө планыңызга байланыштуу, бардык суроолоруңузга жооп алуу маанилүү».

Дарыгерге бериле турчу суроолор:

  • Ушул жерде жүргөндө COVID-19 вирусун жуктуруп алуу коркунучу барбы? Бул жерде коронавирус менен ооруган адам жокпу?
  • Кантип COVID-19 менен ооруган менен оорубаган адамды айырмалап билсе болот?
  • Саламаттыкты сактоо кызматкерлеринде коргоочу кийимдер жетиштүүбү?
  • Мени бирөө коштой алабы? Эгерде жок болсо, анда эмне үчүн?
  • Балам жанымда кала алабы? Эгерде жок болсо, анда эмне үчүн?
  • Баламды эмизсем болобу?
  • Өзүм төрөймбү же кесарево жолу мененби? Эгер ошондой болсо, анда эмне үчүн?

«Биздин билишибизче, эмчек эмизүү толугу менен коопсуз» дейт Кэйд. «Бардык изилдөөлөр көрсөткөндөй, COVID-19 эне сүтү аркылуу жукпайт, андыктан сиз эмчек эмизе бересиз — бул эненин баласы үчүн жасай турган эң жакшы иши».

Эгерде сизде COVID-19 бар деп күмөн санасаңыз, анда тезинен медициналык жардамга кайрылып, дарыгердин көрсөтмөлөрүн аткарыңыз. Өзүн жакшы сезип жаткан энелер баласын тамактандыруудан мурун сактанып, беткап кийип, бала менен иштешкенге чейин жана кийин колун жууп, бетин дезинфекциялашы керек. Эгер өзүңүздү жаман сезсеңиз, ошол эле сактык чараларын колдонуп, таза чөйчөктү, кашыкты колдонуп, балаңызга тамак бериңиз.

Калк жыш жашаган жерде жашаса эмне кылышы керек?

Дүйнө жүзү боюнча, көптөгөн аялдар башка адамдар менен жакын жерде жашашат, бул физикалык аралыкты бир кыйла татаалдаштырат. Ушундай жерлерде «Мен бүт коомчулуктан кош бойлуу аялдарга кам көрүүсүн суранат элем. Кош бойлуу аялдардан мүмкүн болушунча алыс болуп, алар үчүн өзүнчө дааратканалар каралышы керек жана колду жуу маанилүү экендигин унутпаңыз. Бул жөнүндө биз бекеринен айта бербейбиз. COVID-19 жана самын бири-бирине жакпайт. Бул көптөгөн жакшылыктарды жасай турган жөнөкөй чара. Кандай гана кырдаал болбосун, коомчулук жана саламаттыкты сактоо кызматкерлери кош бойлуу аялдар үчүн коопсуз жана ишенимдүү тутумду жана чөйрөнү түзүүгө өз салымын кошот деп үмүттөнөм, анткени акыры алар биздин келечегибизди жаратат. Муну баалаш керек!», — деп айтат Акушерлердин Эл аралык Конфедерациясынын Президенти Франка Каде.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>