Кош бойлуу дарыгерге кол көтөрдү делген аял милицияга карылды
22.01.2020 16:00
Бишкектеги №3 балдар ооруканасын дарыгери менен жаңжалдашкан аял милицияга арыз менен кайрылды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
“22-январь күнү 3-балдар ооруканасынын дарыгерине карата чара көрүүнү суранып, Т.К. аттуу жаран кайрылган. Ал арызда баласы менен ооруканага кайрылган учурда дарыгер кызматтык милдеттин жакшы аткарбай, өзүн агрессивдүү алып жүрүп жана кол көтөргөндүгүн билдирген”, – деп жазылат маалыматта.
Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, медициналык экспертиза дайындалды.
Буга чейин №3 балдар ооруканасында иштеген кош бойлуу дарыгерге балалуу аял кол салганын аталган оорукандан билдиришкен. Кол салууга кабылган даргер милицияга карылып, анандан соң ооруканага жаткырылганы бегилүү болгон.
REPORTER.KG маалымат агенттиги. Бардык укуктар корголгон. Сайтта келтирилген материалдарды көчүрүп алуу басмакананын уруксаты менен жана булакка активдүү гипершилтемени милдеттүү түрдө көрсөтүү менен гана мүмкүн болот.