Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул алууга кимдер укуктуу жана аны кантип алуу керектигин түшүндүрдү.
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо үчүн эмне негиз болуп саналат?
Саламаттык сактоо уюмдары тарабынан берилген эмгекке жарамсыздык баракчасы.
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул кимге дайындалат?
- иш берүүчү менен эмгектик мамиледе турган кызматекерлерге;
- жеке ишкерлерге (ЖИ);
- дыйкан (фермер) чарбанын мүчөлөрүнө (ДФЧ);
- белгиленген тартипте расмий жумушсуз деп таанылган, жумушсуздук боюнча жөлөкпул алууга укуктуу аялдарга дайындалат.
Иштебеген адамдарга жана жумушсуздук боюнча жөлөкпул алууга укугу жок аялдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул дайындалбайт.
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул ошондой эле ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин (Беларусь, Армения, Казакстан жана Россия) иштеген жарандарына жана Түркия Республикасынын жарандарына да берилет.
Жөлөкпулду дайындоо үчүн кайда кайрылууга керек:
— иш берүүчү менен эмгектик мамилелерде турган кызматкерлерге — иштеген жери боюнча;
— жеке ишкерлерге, дыйкан (фермердик) чарбанын мүчөлөрүнө, жумушсуздук боюнча жөлөкпул алууга укугу бар расмий жумушсуздарга — аймактык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктарында дайындалат.
Жөлөкпулду дайындоо жана төлөө үчүн документтердин тизмеси:
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо жана төлөө үчүн кызматкер иш берүүчүгө эмгекке жарамсыздык баракчасын жана эркин түрдө жазылган арызды тапшырат.
Жеке ишкерлер, дыйкан (фермердик) чарбанын мүчөлөрү, жумушсуздук боюнча жөлөкпул алууга укугу бар расмий жумушсуздар — Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык башкармалыктарына кайрылуу керек.
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдарды дайындоо үчүн зарыл болгон маалыматтар электрондук форматта «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу суралат
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо арыз менен кайрылуу принципинин негизинде жүргүзүлөт.
Жөлөкпул канча мөөнөткө берилет:
— төрөт жакшы болсо — 126 календардык күн (төрөткө чейин 70 календардык күн жана төрөттөн кийин 56 календардык күн);
— төрөт татаал болсо жана эки же андан ашык бала төрөлсө (бойдо бирден ашык бала болсо) — 140 календардык күн (төрөткө чейин 70 календардык күн жана төрөттөн кийин 70 календардык күн).
Бийик тоолуу райондордо жана барууга кыйын алыскы аймактарда иштеген аялдарга:
— төрөт жакшы болсо — 140 календардык күн (төрөткө чейин 70 календардык күн жана төрөттөн кийин 70 календардык күн);
— төрөт татаал болсо — 156 календардык күн (төрөткө чейин 70 календардык күн жана төрөттөн кийин 86 календардык күн);
— эки же андан ашык бала төрөлгөн учурда төрөткө чейинки өргүүнүн иш жүзүндөгү узактыгына карабастан — 180 календардык күн (төрөткө чейин 70 календардык күн жана төрөттөн кийин 110 календардык күн);
Кош бойлуулуктун 30-жумасына чейин төрөсө жана төрөт татаал болсо:
— бала тирүү төрөлсө — 140 календардык күн (төрөткө чейин 70 календардык күн жана төрөттөн кийин 70 календардык күн);
— бала өлүү төрөлсө же ал төрөлгөндөн кийин жети күндүн ичинде чарчап калса — 70 календардык күн.
Үч айга чейинки курактагы баланы асырап алган учурда баланы асырап алууда 70 календардык күнгө; бир эле учурда эки же андан көп баланы асырап алууда – 110 календардык күнгө.
Жөлөкпулдун өлчөмү кантип аныкталат:
Кызматкерлерге – алгачкы 10 иш күн үчүн – эмгек акынын (кирешенин) 100% өлчөмүндө, 11- иш күндөн тартып – айына 10 эсептик көрсөткүчтүн (1000 сом) өлчөмүндө.
Жеке ишкерлерге, ДФЧнын мүчөлөрүнө, жумушсуздук боюнча жөлөкпул алууга укугу бар расмий жумушсуздарга – 11-иш күнүнөн тартып айына 10 эсептик көрсөткүч (1000 сом) өлчөмүндө.
Бийик тоолуу шарттарда, алыскы жана жетүүгө кыйын болгон аймактарда иштеген аялдарга – эмгек акынын (кирешенин) 100% өлчөмүндө.
Бала үч жашка чыкканга чейин баланы багуу боюнча өргүүдө жүргөн мезгилинде кайрадан, жана андан кийин дагы кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүгө кеткен адамга, анын ичинде бийик тоолуу жана барууга кыйын алыскы зоналарда иштеген адамдарга жөлөкпулдун өлчөмү төмөнкүдөй аныкталат:
— кызматкерге — бала багуу боюнча өргүүгө чыккан учурга карата штаттык санда же эмгектик келишимде белгиленген кызматтык маянага (ставкага) жараша эсептелген бир күндүк орточо эмгек акыдан, алгачкы он иш күнү үчүн — иш берүүчүнүн өз каражатынын (кирешенин) эсебинен, ал эми он биринчи иш күнүнөн тартып — айына 10 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө, республикалык бюджеттин каражатынан;
— жеке ишкерге, дыйкан чарбанын мүчөсүнө, жумушсуздук боюнча жөлөкпул алуу укугу бар расмий жумушсуздарга — он биринчи иш күнүнөн тартып айына 10 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө, республикалык бюджеттин каражатынан.
* 2024-жылдын 1-январынан тартып 11-иш күнүнөн тартып кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү айына 20 эсептик көрсөткүч эсебинде аныкталат (2000 сом).
Жөлөкпулду каржылоо булактары:
– биринчи 10 иш күнү үчүн – иш берүүчүнүн өздүк каражатынын эсебинен;
–11 иш күнүнөн тартып – республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен.
Жөлөкпулду төлөө тартиби:
Кызматкерге биринчи он иш күнү үчүн кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул эмгек акы менен бирге иш берүүчүнүн өздүк каражаттарынан төлөнөт, ал эми 11 иш күнүнөн тартып жөлөкпул Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин ведомстволук бөлүм тарабынан борборлоштурулуп, алуучулардын банктагы транзиттик эсептерине (РСК банк, Айыл банк) акча каражаттарын которуу жолу менен жүзөгө ашырылат.
Жеке ишкерлерге, дыйкан чарбанын мүчөлөрүнө, жумушсуздук боюнча жөлөкпул алууга укугу бар расмий жумушсуздарга жөлөкпулду төлөө арыз ээсинин паспорту болгон учурда банк бөлүмдөрүндө (РСК банк, Айыл банк) жүргүзүлөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз