Космосбек Чолпонбаев: Кыргызстанда коронавирустун жаңы учурлары катталган жок

Космосбек Чолпонбаев: Кыргызстанда коронавирустун жаңы учурлары катталган жок

Кыргызстанда коронавирустун жаңы учуру катталган жок. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта өтүп жаткан жаткан брифингде Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев айтты.

“Жалал-Абаддагы ооруканада 6 адам жатат. Алардын үчөө ооруну жуктуруп алгандар, үчөө дене табы көтөрүлгөндөр. Буга чейин 12-мартта Сауд Арабиясынан учуп келген учакта 135 киши болгон деп айтканбыз, ыкчам иликтөөдөн кийин 144 киши учуп келгенин белгилүү болду. Алардын 142си табылып,  текшерүүдөн өтүп, бардыгы ооруканаларга жана обсерваторияга жаткырылды. Эки киши Өзбекстанга чыккан экен, алар боюнча Тышкы иштер министрлиги аркылуу маалымат жеткирдик”, — деди Чолпонбаев. 

Кыргызстанда коронавирустун алгачкы учуру 18-мартта катталды. Ооруну жугузуп алганы аныкталган 3 адам Сузак районунун тургундары болгон. Алар 12-мартта Сауд Арабиясынан умрадан кайтып келген. Буга байланыштуу Сузак районунда өзгөчө кырдаал жарыяланган.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>