Депутат Рыспаев: Өкмөт өкүлдөрү жоопкерчилик алуудан качып калды

Депутат Рыспаев: Өкмөт өкүлдөрү жоопкерчилик алуудан качып калды

Бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйыны өтүп жатат. Аталган жыйында 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин иши жөнүндө маселе каралууда.

Баяндаманы Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов жасады.

Депутат Кожобек Рыспаев жер казынасы боюнча мыйзам долбоорун кайрадан иштеп чыгуу тууралуу парламенттик комитетте  жакын арада талкуу болорун айтты.

Ошондой эле Рыспаев өкмөт жоопкерчилик алуудан коркуп жатканына токтолуп өттү.

«Депутаттар так суроо берип жатат. Бирок эл өкүлдөрүнүн суроосуна  аткаруу бийлиги тарабынан так жооп айта албай эле айланта беришет. Эгерде берилген суроого толук кандуу жооп берилсе эл өкүлдөрү тарабынан кошумча суроо берилбейт эле. Азыр жоопкерчилик алгандан баары качып калды», — деп сынга алды Кожобек Рыспаев.

Учурда аталган комитетте суроо-жооп уланууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>