Кожобек Рыспаев: Энергетика тармагындагы көйгөйдү ачык айтып, чечүү керек

Кожобек Рыспаев: Энергетика тармагындагы көйгөйдү ачык айтып, чечүү керек

Энергетика тармагында өсүү жок, бары артка кетүүдө. Мындай пикирди Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында депутат Кожобек Рыспаев айтты.

Эл өкүлү Өкмөткө караштуу  Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жетекчисине кайрылып,  көрүнөрлүк кайсы жумушту жасагандыгын сурады.

«Мамлекетти өнүктүрүү үчүн өндүрүш ачпайсыңар? Энергетика тармагында өсүү жок, бары артка кетүүдө. Эмне тоскоолдук болуп жатат. Ачык айтуу керек. Азыр министрлер Жогорку Кеңештен тепки жей берип, арызын жазып кетип калуу абалга келип калды. Ошол себептен кандай көйгөй болсо айтып, чечүү зарыл. Кытайлар Кыргызалтын менен кандай келишим түзүп иштеп жатканын билебиз», — деди эл өкүлү.

Жыйында 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин иши жөнүндө маселе каралууда.

Баяндаманы Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов жасады.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>