Site icon Reporter.kg

Кожобек Рыспаев Сооронбай Жээнбековдун президенттигин сынга алды

Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясындагы Жогорку Кеңештин жыйынында Сооронбай Жээнбековдун президенттигин сынга алды.

«Биз азыр кырдаал оор экендигин түшүнүп жатабыз, өкмөт жана Садыр Жапаров азыртадан катуу иштеши керек» , — деди ал.

Рыспаев Жээнбековдун адамдык сапаттары жөнүндө айтып жатып, аны мактады, бирок президент катары сынга алды: “Президент катары ал өз милдетин жакшы аткара алган жок, ушундан улам эл толкуду. Коррупционерлер, уурулар байып кетишти, экономика өспөй калды, ушуга байланыштуу эл митингге чыкты».

Exit mobile version