Site icon Reporter.kg

Козубекова: макеле, макеле дейсиңер, бирок Жумабеков чынчыл, ачык адам

Парламенттин мурдагы төрагасы Дастан Жумабеков ачык адам болгондуктан асылуулардан коргоосуз калган.  Мындай пикирин Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын өкүлү Эльвира Козубекова Facebook баракчасына жазган.

Ал Жумабеков жетекчиликтин мыкты үлгүсү болгондугун жана таза, чынчыл адамдыгын билдирген.

“Мына силер макале, макале дейсиңер! Мен бир нече төраганы көрүп алар менен күн сайын кезигишип, алардын жетекчилиги алдында иштедим, алардын ишин чагылдырып жүрдүм. Бирок Дастан Жумабеков кызматтан кеткен соң ачык айта алам, ал абдан ачык адам бойдон калды, мына ошондуктан ага болгон асылуулардан коргоосуз калды”, – деп жазган ал.

Дастанбек Жумабеков парламенттин спикери болуп турган учурда атка мине албай калганы, жаңылып айтып алган сөздөрү, шаардын аталышын туура окуй албаганы ж.б. жоруктары менен сынга кабылган.

Exit mobile version