КПЛ: 5-турдун оюндары аялдарга карата зомбулукка каршы өтөт

КПЛ: 5-турдун оюндары аялдарга карата зомбулукка каршы өтөт

Кыргыз Премьер-лигасынын 5-турунун оюндары “Аялдарга карата зомбулукка каршы” акциясынын алкагында өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын кесипкөй футбол лигасынан билдиришти.

10-апрелде Кыргыз Премьер-Лигасынын 5-турунун алкагында «Кара-Балта» —  «Нефтчи» оюнунда футболчулар «Аялдарга карата зомбулукка каршы» акциясына утурлай оюн талаасына беттерине кызыл сызык менен чыгышты.

Кант шаарындагы «Спорт Сити» стадионунда өткөн оюнда 1:2 эсебинде муунайчылар жеңишке жеткен. Анда “Нефтчиден” Семетей Данияров менен Арген Жуматаев гол киргизсе, Чүйдүн командасынан Станислав Геращенко айырмаланган.

Бул акция 11-апрелде орун алуучу “Дордой” – “Абдыш-Ата” жана “Илбирс” – “Алай”, ошондой эле 12-апрелде өтүүчү “Каганат” – “Алга” оюндарында да уланат.

 

 

 

 

 

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>