КПЛ: “Алга” алгачкы турда “Илбирсти” жеңди

КПЛ: “Алга” алгачкы турда “Илбирсти” жеңди

Футбол боюнча Кыргыз Премьер-лигасынын 1-турунун алкагында “Алга” 2:0 эсебинде “Илбирсти” жеңди.

Оюн Кант шаарындагы “Спорт Сити” стадионунда орун алды.

1-таймда фрунзелик клубдун жарым коргоочусу Темирболот Тапаев 1:0 эсеби менен команданы алдыга алып чыкты. Ал эми экинчи бөлүктө “Алганын” легионери Келвин Инкум эсепти 2:0гө жеткирди. Муну менен “Алга” 3 упайга ээ болду.

Биринчи турдун алкагында “Алай” – “Каганат” оюну өтөт. Ал Ош шаарындагы А.Сүйүнбаев стадионунда саат 16:00дө башталат.

Беттештерди Кыргыз Спорт ТВ каналы түз эфирде көрсөтөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>