КПЛ: “Дордой” жана “Абдыш-Ата” жеңишке жетти

КПЛ: “Дордой” жана “Абдыш-Ата” жеңишке жетти

19-мартта Футбол боюнчка Кыргыз Премьер-лигасынын экинчи турунун 3 оюну өттү.

“Дордой” —  “Кара-Балтаны” 4:0 эсебинде жеңип алды. Оюнда Турсунали Рустамов менен Кайрат Жыргалбек уулу 1ден гол, Мирлан Мурзаев 2 гол киргизген.

Ал эми “Алай” өз үйүндө “Абдыш-Атага” 0:4кө утулду. Канттык команданын курамында Данил Сокирченко, Максат Алыгулов, Кирилло Процишин жана Владислав Кабачевский гол киргизишти.

Ошондой эле “Алга” 2:0 эсеби менен “Нефтчини” утуп алды. Голдорду Алерива Олувасен менен Антон Землянухин киргизди.

Эртең, 20-мартта 2-турдун алкагында “Кара-Балта” – “Каганат” оюну өтөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>