Site icon Reporter.kg

КР делегациясы БУУнун расалык дискриминацияны жоюу боюнча диалогуна катышты

КР делегациясы 1-2-май күндөрү Женева шаарында 2019–2022-жылдар аралыгында Эл аралык расалык дискриминациянын бардык формаларын жоюу жөнүндө конвенциянын аткарылышы боюнча Кыргызстандын он биринчи жана он экинчи мезгилдүү улуттук баяндамасына катышты.

Жогорку соттон билдиришкендей, баяндаманы коргоо интерактивдүү форматта өттү. Расалык дискриминация боюнча Комитеттин мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп берип жатып, Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нургүл Бакирова төмөнкү маселелерге токтолду.

Кыргызстан 1996-жылы Конвенцияга кошулгандан бери анын жоболорун улуттук деңгээлде туруктуу ишке ашырып келет. Өлкөдө расасына, этникалык теги же улутуна карата ар кандай дискриминацияга тыюу салынган. Антидискриминациялык нормалар Кыргызстандын Конституциясында жана процессуалдык мыйзам, ошондой эле тармактык мыйзамдардын бир катарында бекитилген.

Нургүл Бакирова белгилегендей, Кыргызстандын соттору ар бир адамдын укуктарын анын келип чыгышына карабастан натыйжалуу коргойт. Улуттук соттор ички укуктук актылар менен катар, эл аралык укуктук ченемдерди, анын ичинде Конвенциянын жоболорун колдонушат. Ошондой эле, эгер мыйзамдар антидискриминациялык принциптерге каршы келсе, аларды даттануу механизми каралган.

2019–2024-жылдар аралыгында расалык, этникалык жана диний кастыкка байланышкан кылмыш иштери боюнча статистика сунушталды. Белгиленгендей, мындай кылмыштар соттук териштирүүдө оордатуучу жагдай катары эсептелет жана үстөмдүк кылуу же экстремизмди үгүттөгөн учурлар боюнча жаза чаралары каралат.

Өз сөзүндө Нургүл Бакирова судьяларды даярдоого өзгөчө көңүл бурду: 2019-жылдан бери 400дөн ашуун судья адам укуктарын коргоо жана бул жааттагы эл аралык стандарттар боюнча окуудан өтүштү.

Жогорку соттун төрагасынын орун басары мындан тышкары, Кыргызстандын сот тутумунда ар түрдүү улуттун өкүлдөрү иш алып барганын жана жыныстык тең салмактуулук камсыздалганын белгиледи — 470 судьянын ичинен 38% аялдар түзөт.

«Кыргызстан адилеттүүлүк жана ар түрдүүлүккө урматтоо принциптерин бекем сактайт. Расалык дискриминацияга каршы күрөш — бул эл аралык милдеттенме гана эмес, гармониялуу жана инклюзивдүү коомго жетүүнүн маанилүү кадамы экенин биз терең түшүнөбүз», — деди Нургүл Бакирова.

Кыргызстан бардык дискриминация формаларын жоюу жана адилеттүүлүктү чыңдоо максатында эл аралык өнөктөштөр жана БУУ менен кызматташууну улантууга даяр экендигин билдирди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version