Site icon Reporter.kg

КР жарандарына Израиль, Иран, Сирия, Ливан, Ирак, Палестинага барбай туруу сунушталды

Тышкы иштер министрлиги Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу кыргыз жарандарын бул аймакка барбай турууга чакырды. Бул тууралуу мекеме бүгүн билдирүү таратты.

Айрыкча Иран, Израиль, Сирия, Ирак, Ливан жана Палестинага сапарын токтотууну сунуштайт.

Бул өлкөлөрдөгү кыргызстандыктар коопсуздук чараларын күчөтүп, дипломатиялык өкүлчүлүктөр менен тыгыз байланышта болуп туруусу зарыл.

Жардам керек болгон учурда төмөнкү телефондорго кайрыла алышат:

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Exit mobile version