Site icon Reporter.kg

“Красноярск-Бишкек-Красноярск” жаңы авиа каттам ачылат

аэропорт Манас

“Уральские авиалинии” авиакомпаниясы 20-апрелден тарта “Красноярск-Бишкек-Красноярск” багыты боюнча жаңы үзгүлтүксүз каттам ачууну пландап жатат. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришти.

Маалым болгондой, каттам жумасына 1 жолу – жекшемби күндөрү аткарылат.

Аталган авиакомпания ушул жылдын 10-апрелинен баштап “Иркутск-Бишкек-Екатеринбург” багыты боюнча каттамды аткара баштаган. Каттам жумасына 1 жолу – бейшемби күндөрү аткарылууда.

Exit mobile version