Site icon Reporter.kg

Красноярск шаарынан Бишкекке жаңы авиакаттам ачылды

Красноярск-Бишкек-Красноярск багыты боюнча  жаңы туруктуу авивакаттам ачылды. Бул туурасында Манас аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган багыт боюнча авиакаттамдарды «Россия» авиакомпаниясы аткарат.

2022-жылдын 15-июнунда Бишкекке биринчи каттам менен 85 жүргүнчү учуп келди. Красноярскиге 78 адам учуп кетти.

Каттам жумасына 3 жолу – дүйшөмбү, шаршемби жана жекшемби күндөрү аткарылат. Учуунун убактысы 3 саат 30 мүнөт.

Exit mobile version