Site icon Reporter.kg

Красноярскиде ок-дары сакталган кампадан чыккан жарылуудан 12 киши жаракат алды

Орусиянын Красноярск крайындагы Ачин районунда ок-дары сакталган кампада жарылуу 6-август күнү толук токтоду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Аталган аймакта жарылуу 5-августта башталган. Жарылуудан 12 адам түрдүү жаракаттар менен ооруканага жеткирилген. Мындан тышкары 20 чакырым радиустагы калктуу конуштардын жашоочулары эвакуацияланган. Жалпысынан аймактагы 11 миң киши коопсуз жерлерге көчүрүлгөнүн кабарланды.

Exit mobile version