Site icon Reporter.kg

Кремлде Путин менен Жапаровдун жолугушуусу башталды: күн тартибинде экономика жана орус тилинин макамы

Москва шаарында Россиянын жана Кыргызстандын президенттери — Владимир Путин менен Садыр Жапаровдун сүйлөшүүлөрү башталды. Кремлде өткөн ачык бөлүктө эки лидер кыргыз-орус кызматташтыгынын негизги аспектилерин талкуулашты.

Владимир Путин Кыргызстанда орус тилинин өзгөчө макамын сактап калганы үчүн Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирди. Ал бул чечим эки өлкөнүн, анын ичинде экономика тармагындагы натыйжалуу өз ара аракеттешүүсүнө өбөлгө болорун белгиледи. Ошондой эле Путин Кыргызстандагы 43 мектепте 200дөй орус мугалими иштеп жатканын, жана келечекте орус тилдүү мектептердин санын көбөйтүү пландары бар экенин эске салды.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө экономикалык көрсөткүчтөргө өзгөчө көңүл бурулду. Россия президентинин айтымында, өткөн жылы эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү 11%га өссө, 2024-жылдын биринчи төрт айында бул көрсөткүч дагы 17%дан ашты. “Кыргызстанда көптөгөн орус компаниялары иштеп жатат жана биз каалаган жыйынтыктарга жетип жатабыз”, — деп белгиледи Путин.

Садыр Жапаров өз сөзүндө эки өлкө ортосунда толук түшүнүшүү жана саясий пикир келишпестиктердин жоктугун баса белгиледи. Ал негизги максат — кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүгүн жана союздаштык мамилелерди мындан ары дагы өнүктүрүү экенин билдирди.

Кыргызстандын президенти Владимир Путинди 2025-жылдын ноябрында Кыргызстанга келип, ЖККУнун Коллективдүү коопсуздук кеңешинин жыйынына катышууга чакырды.

Exit mobile version