Site icon Reporter.kg

Кремлге кимдер гана барбаган. Атамбаевдин уулу атасынын Москвага болгон сапары тууралуу оюн билдирди

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейтек Атамбаев атасынын Мосвага болгон сапары тууралуу пикирин Фейсбук баракчасына жазды.

Ал Кремлге кимдер гана барбаганын айткан.

«Бүгүнкү окуяны тоодой чоң бир прецедент катары көргөн инсандарга таң калдым. Кремльге кимдер гана барган эмес, тизменин башында Кыргызстанды падышалык Россияга кошуу үчүн барган биздин тарыхый инсандар турушса, эгемендүү Кыргызстандын тарыхында канча барактар бар.

 Алсак: 2005-2010-2017-жылдары Москвага каттагандар көп эле айтылып келген, эми аягы белгисиз дагы кимдер иретте турушат, бул бизге гана тиешелүү жана ачык маалымат. Ал эми дүйнө жүзүнүн экс-лидерлери Россиялап эле жүрүшөт. Бул эч кимге сыр эмес. Албетте бул көрүнүш жакшы эмес, бизде аны оңдоп калууга чоң мүмкүнчүлүк бар эле. Ал мүмкүнчүлүк 1991- жылы эгемендүү Кыргызстанды туура нукка салалбаган чиновниктер үчүн, бүгүнкү күнгө чейин аксап келе жатабыз. Азыр дагы кеч эмес, болгону тойлорду токтотуп, азыркы учурда жаралган орчундуу маселелерге көңүл буруу зарыл деп эсептейм», — деп жазган ал.

Exit mobile version