Site icon Reporter.kg

Крим чөйрөнүн лидери,  “положенец”  “Пахир Калла” кармалды

Милиция Жалал-Абадда уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсүн кармады. Бул туурасында жергиликтүү милициядан билдиришти.

Жалал-Абад облустук милицияга  Сузак районунун 31 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, 2022-жылдын 17-январь күнү саат 14:00 чамасында Сузак районунда жайгашкан устаканасына  “Баха”  аттуу жаран келип, колундагы бычагы менен мойнуна такап, балка менен бутуна, кабыргасына уруп “100 000 сом акчаны коюп кой” деп коркуткандыгын билдирген.

Аталган факты Жалал-Абад ОИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Жалал-Абад облустук милициянын Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турган, Сузак районундагы өзбек диаспорасынын кылмыш чөйрөсүндөгү лидери (положенец),  “Пахир Калла” каймана аттуу Сузак районунун тургуну 1975-ж.т. Б.Б. кармалган. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө ал мурда адам өлтүрүү жана башка бир нече беренелер менен соттолгондугу белгилүү болгон.

Жалал-Абад ОИИБдин Тергөө кызматы тарабынан 2022-жылдын 5-февраль күнү Б.Б. убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Анын баш коргоо чарасы бүгүн Жалал-Абад шаардык сотунда каралат.

 

Exit mobile version