Site icon Reporter.kg

Криминалдуу өлкөлөрдүн рейтинги. Кыргызстан канчанчы орунда?

Кылмыштуулуктун деңгээли боюнча өлкөлөрдүн рейтингинде Кыргызстан Уганда менен Мальдив аралдарынын ортосунда жайгашып, 40 криминалдуу өлкөнүн катарына кирди. Изилдөөнүн жыйынтыктарын Numbeo кызматынын сайтында жарыяланды.

Кыргызстан 2023-жылдын башында кылмыштуулук боюнча 142 өлкөнүн ичинен 38-орунду ээледи. Кылмыштуулуктун деңгээли боюнча өлкөлөрдүн рейтинги акыркы 36 айдагы маалыматтарды колдонуу менен жылына эки жолу түзүлөт.

Өлкөдөгү кылмыштуулуктун деңгээли кылмыштуулуктун индексин баалоонун негизинде эсептелет, ал эми 0дөн 19,99га чейинки индекс өтө төмөн кылмыштуулукту билдирет, 20дан 39,99га чейин – төмөн, 40тан 59,99га чейин – орточо, 60тан 79,99га чейин – жогорку, 80 жана андан жогору — абдан жогору.

2023-жылдын башында кылмыштуулук боюнча 86,6 жана 79,9 индекстери менен Венесуэла жана Папуа-Жаңы Гвинея алдыга чыккан. Бул өтө жогорку кылмыштуулуктун деңгээлин билдирет. Андан кийин Ооганстан (78,9 индекси менен 3-орун), Түштүк Африка (75,4 индекси менен 4-орун) жана Гондурас (74,2 индекси менен 5-орун) турат.

Кыргызстандын индекси 54,6ны түздү, бул орточо кылмыштуулук боюнча кабар берет. Кылмыштуулуктун деңгээли боюнча абал Кыргызстанга караганда Россияда жана Казакстанда бир аз жакшыраак. Россия бул тизмеде 94-орунда болсо, Казакстан 48-орунду ээлеген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version