Site icon Reporter.kg

Криминалды калкалаган: Нарында 22 милиционер тартип жазага тартылды

Кочкор районундагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү боюнча окуяга тиешеси бар бир катар жетекчилер кызмат ордунан бошотулуп, айрым кызматкерлерге тартип жаза берилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн жана Нарын милициясынын жоопкерчилиги онлайн кеңешмеде каралды.

«Айылдык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы, Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилери бул окуяга көз жумуп, элге карата кылмыш жасап жатышса дагы окуяны жашырып коюшкандыгы ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан аныкталды», — деп билдирет ИИМ.

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен төмөндөгү жетекчилер жана кызматкерлер тартип жазаларын алышты. Алар:

— Нарын ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги А.Джумабеков ээлеген кызмат ордунан бошотулду;

— Нарын ОИИБдин башчысынын сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басары, милициянын полковниги А.Кудайбердиевге, Нарын ОИИБдин башчысынын кызмат боюнча орун басары, милициянын полковниги Р.Мурзакматовго, Нарын ОИИБдин башчысынын кадр боюнча орун басары,  милициянын полковниги М.Турпанбаевге жана Нарын ОИИБдин Штабынын башчысы, милициянын полковниги А.Токтосуновго “катуу сөгүш”  тартиптик жазасы берилди;

— Нарын ОИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги А.Усеналиев ээлеген кызмат ордунан бошотулду;

— ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги О.Акпаровго “сөгүш” тартиптик жазасы берилди;

— ИИМ КИИБдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын Нарын жана Ысык-Көл облусу боюнча начальниги, милициянын майору А.Билдебаев;

— ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын ага ыкчам өкүлү, милициянын подполковниги Э.Токтосун уулу, ыкчам өкүл, милициянын капитаны Б.Асанов, ыкчам өкүл  милициянын капитаны А.Маратбек уулу ээлеген кызмат ордуларынан бошотулду;

— Нарын ОИИБдин Ички иликтөө бөлүмүнүн ага ыкчам өкүлү милициянын майору У.Омоков  ээлеген кызмат ордунан бошотулду;

— Кочкор РИИБдин начальниги А.Абыкеевдин жоопкерчилиги ички иштер органдарынын катарында кызмат өтөшү соттук кароолордун жыйынтыгынын негизинде каралат.

— Кочкор РИИБдин начальнигинин сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басарынын милдетин убактылуу аткаруучу Б.Эрменовго “катуу сөгүш” тартиптик жазасы берилди;

— Кочкор РИИБдин начальнигинин орун басарынын милдетин убактылуу аткаруучу-кылмыш иликтөө кызматынын начальниги М.Алиевдин жоопкерчилиги ИИОнун катарында кызмат өтөшү соттук кароолордун жыйынтыгынын негизинде каралат;

-Кочкор РИИБдин начальнигинин орун басарынын милдетин убактылуу аткаруучу-коомдук коопсуздук кызматынын начальниги  милициянын подполковниги К.Садыбакасов менен Кочкор РИИБдин начальнигинин кадрлар боюнча орун басары  милициянын подполковниги Н.Садыровго  “катуу сөгүш” тартиптик жазасы берилди;

-2022-жылдын 7-ноябрында Кочкор РИИБдин жетекчиликтен жоопкерчиликтүү, милициянын айылдык бөлүмчөсүнүн начальниги  милициянын капитаны А.Абдыкеев, Кочкор РИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүсү  милициянын капитаны А.Капаров, Кочкор РИИБдин аймактык тескөөчүсү милициянын капитаны А.Мурзабек уулу ички иштер органдарынын катарынын биротоло бошотулду;

— Ал эми Кочкор РИИБдин нөөмөт бөлүгүнүн ыкчам нөөмөткери  милициянын ага лейтенанты З.Кожокматов, Кочкор РИИБдин нөөмөт бөлүгүнүн нөөмөткөрүнүн жардамчысы милициянын ага прапорщиги Ч.Иманалиев ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

“Жыйынтыктап айтканда жалпысынан 22 кызматкер тартип жазасына тартылды, ээлеген кызмат ордунан 9 кызматкер бошотулду, 3 кызматкер ИИОнун катарынан бошотулду,  калгандары  жогоруда аталган тартип жазаларын алышты. Жакында ушуга окшогон дагы бир катар фактыларды жер-жерлерден аныктап, мыйзам чегинде жоопко тартуу процесстери жүрөт”, — деп айтылат маалыматта.

Жергиликтүү милиция бандиттер менен дос болуп алган, — министр

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version