Кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча тергөө аяктады

Кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча тергөө аяктады

Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу жөнүндө кылмыш иши боюнча тергөө аяктады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

«Азыркы учурда, сотко чейинки өндүрүш боюнча 19 шектүүгө маалымдама тапшырылды. Ал эми Бусурманкул Табалдиев шектүү катары сырттан маалымдалып, Интерпол багыты боюнча эл аралык издөөгө алынган. 14 шектүү тергөө менен кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюшкан. Ал эми 5 шектүү макулдашууга кол койгон эмес. Жалпысынан 18 шектүү кылмыш иштин материалдары менен таанышкан.  27-сентябрда кылмыш иштин материалдары Башкы прокуратурага кабыл алынган чечимдердин мыйзамдуу болгондугун изилдөө жана сотко жөнөтүү үчүн жиберилди», — деп жазылат маалыматта.

Кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы апрель айында “айыккыс ооруга чалдыкты” деген негиз менен абактан бошотулган. Ал массалык башаламандыктарды уюштуруу жана куралдарды мыйзамсыз сактоо боюнча 16 жыл 8 айга эркиндигинен ажыратылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>