Кримтөбөл Батукаевдин жактоочусу камакка алынды

Кримтөбөл Батукаевдин жактоочусу камакка алынды

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин жактоочусу Али Касымов Бишкек шаарындагы  №1 убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бишкек шаардык соту Али Касымов 26-августка чейин камакка алуу чечимин чыгарды. Касымов учурда 81 жашта.

ИИМдин тергөө кызматы Батукаевдин жактоочусуна коррупцияга тиешеси бар деген айып коюуда. Алдын ала маалыматтар боюнча жактоочу Азиз Батукаевди бошотуу жөнүндө маселени чечүү үчүн акча жеткирип берген.

Белгилей кетсек, Батукаев 2013-жылы камактан чыгарылган. Ал катуу ооруп, өлүм алдында турат деген жүйө менен бошотулган. Башкы прокуратура Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш ишин козгогон. Анын бошотулушуна айыпталып учурда бир топ чиновниктер сурак берип жатышат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>