Кримтөбөл “Чач” камакта калтырылды

Кримтөбөл “Чач” камакта калтырылды

Сузак райондук соту 15-мартта уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү “Чач” каймана аты менен таанымал Эрнис Мурзахмедовдун баш коргоо чарасын карады. Бул маалыматты “Репортёрго” Жалал-Абад облустук сотунан тастыкташты.

“Чач” жана аны менен бирге соттолгондордун бөгөт коюу чаралары өзгөртүүсуз тергөө учурунда тандалып алынган камак түрүндөгү бойдон калган. Ал эми М.М.А. 16-майга чейин үй камагында калтырылган.

Белгилей кетсек, УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтордун (УКТ) ишмердүүлүгүн аныктап, жоюу багытында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш чараларынын алкагында Чүй областында Чач каймана аты бар УКТ активдүү мүчөсү Э.М. кармалган.

Криминалдык авторитет Э.М. жана ал башында турган кылмыштуу топ, “Кыргызнефтегаз” ААК мурунку жетекчиси Р.Бостонов тарабынан колдонулуп, Жалал-Абад облусунун ишкерлерине жана тургундарына күч колдонуу менен коркутуп, мыйзамсыз иш аракеттерди жасап келгендиги тууралуу жергиликтүү тургундардан өтө көп кайрылуулар келип түшкөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>