Site icon Reporter.kg

Кримтөбөл «Дөө-Чыңгыз» кармалды

Бишкек шаарынын аймагында 15-июлда уюшкан кылшмыштуу топтун мүчөсү “Дөө-Чыңгыз” каймана аттуу Чынгыз Жумагулов кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кармоо кылмыштуу топту уюштуруу, ошондой эле жеке ишкердик менен алектенген адамдардан системалуу түрдө өзгөчө ири өлчөмдө акча талап кылуу фактысы боюнча колдо болгон материалдардын алкагында жүргүзүлгөн.

«Буга байланыштуу Ж.Ч.нын мыйзамсыз аракеттеринен жабыркаган жарандар УКМК органдарына 0312640475 ишеним телефону аркылуу кайрылыңыз», — деп айтылат маалыматта.

Exit mobile version