Site icon Reporter.kg

Кримтөбөл Дөө-Чыңгыздын унаасы Бишкекте аткыланды

8-июль күнү кечинде Бишкекте кримтөбөл Дөө-Чыңгыз отурган унаага ок атылган. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына өздүк булактар ​​билдирди.

Маалыматка караганда, Көк-Жар айылындагы Карагул Акмат көчөсүндө (7-апрель көчөсүнүн уландысы) «Панорамага» бурула бериш жеринде Фрунзе супермаркетинин алдында Дөө-Чынгыз отурган унаа токтоп турган.

Алдын ала маалымат боюнча, кримавторитет өз балдары менен белгисиз адамдар менен жолугушууга келген, бирок натыйжада атышуу болгон.

Маалыматтар боюнча, атышуу учурунда бир адам жарадар болуп, Дөө-Чыңгыздын унаасына ок тийген. Атышуунун бардык катышуучулары окуя болгон жерден качып кетишкен.

 

Exit mobile version