Бүгүн, 23-августта “Сакал” каймана аты менен таанымал криминалдык авторитет Улан Токтосунов СИЗО-1ге которулду.
Ал Нарын шаарындагы СИЗО-4 абагында кармалып турган.
Буга чейин анын жакындары жана достору Токтосуновдун коопсуздугунан кооптонуп, борбордогу СИЗОго которууга каршы чыгышкан.
Буга чейин Улан Токтосунов Нарындагы №24 мекемеден (№4 тергөө абагы) Бишкектеги №1 тергөө абагына которулуп жатканын анын жактоочусу Бактыбек Жумашев билдирген.
Кримтөбөл Токтосунов Нарындан Бишкектеги №1 тергөө абагына которулат
Биздин Телеграм каналга катталыңыз