Site icon Reporter.kg

Криштиану Роналду сүйүктүүсүнүн колун сурады

«Ювентус» клубунун жана Португалиянын чабуулчусу Криштиану Роналду сүйүктүүсү Жоржина Родригеске үйлөнүү сунушун киргизди. Бул тууралуу «Евроспорт» жазды.

Криштиану кызга достору менен жолугушуу үчүн уюштурган кече учурунда баш кошууну сунуш кылган. Мындай сунушка Джорджина макул болду.

Иш-чарага Криштиану менен Георгинанын үй-бүлө мүчөлөрү катышкан жок. Жубайлар азырынча той өткөрүүнү пландаштыра электигин белгилешкен.

Роналду Джорджина менен 2016-жылдан бери кыз-жигит. 2017-жылы Родригес футболчунун кызы Алан Мартинди төрөгөн.

Exit mobile version